Линктер

шейшемби, 23-январь, 2018 Бишкек убактысы 02:10

"Реал Мадрид" футбол клубу Ла Лиганын жекшембидеги финалында "Малаганы" 2-0 менен утуп, 33-жолу Испаниянын чемпиону аталды. Жекшембинин түнүндө башкалаа Мадриддин көчөлөрү «Реалдын» күйөрмандарына толуп турду. Миңдеген футбол ышкыбоздору салт боюнча жеңүүчүлөрдү Сиблес аянтында тосуп алышты. Зинедин Зидан машыктырган бул клуб беш жылдык тыныгуудан кийин кайрадан чемпион болду.

«Малага» клубуна каршы оюндун экинчи мүнөтүндө Криштиану Роналду биринчи голду киргизди. 55-мүнөттөгү Карим Бенземанын голу ишенимдүү жеңишти камсыз кылды. «Реал Мадрид» 33-жолу өлкөдөгү эң жогорку кубокко ээ болуп, Испаниянын башкы лигасында рекорд койду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG