Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:55

Чотоновдун адвокаты УКМКны айыптоодо


Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери аны бошотуу талабы менен акцияларды уюштуруп келүүдө

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары УКМКны Кылмыш-процессуалдык кодексинин нормаларын одоно бузду деп айыптоодо. Бүгүн адвокат Бакыт Жумашев “Азаттык” радиосуна кайрылып, тергөөгө байланыштуу келтирилген эки өтүнүчкө жооп бербей туруп ишти сотко өткөрүү туура эмес болгон деген пикирин айтты:

- Мен иш сотко өтүп кеткенин бүгүн өзүм Биринчи Май райондук сотуна чалып билдим. Датасы да коюулуп калыптыр. Өтүнүчтөрдү чечип туруп, анан кийин жөнөтүш керек болчу. Саясат болгонун бул да аныктайт. Жети томдон турган иштин алтоо менен тааныштык, бирөө менен ошо бойдон таанышпай калдык. Экинчиден, иште аудио, видеоматериалдар бар болчу. Аны менен тааныштырган жок.

Жумашевдин белгилешинче, биринчи өтүнүч кылмыш иштин материалдары менен таанышууга убакытты чектөө мыйзамсыз болгонуна, ал эми экинчиси иштин козголушуна негиз берген орус жарандары Алексей Модин менен Леонид Маевскийди да жоопко тартууга байланыштуу болчу.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмурбек Текебаев 2010-жылы орус жарандарынан “Мегаком” уюлдук компаниясына байланыштуу ири суммада пара алган деген шек менен быйыл 26-февралда кармалган. Ага байланышы бар деп кийин Чотонов камакка алынган. Эки саясатчы тең азыр УКМКнын тергөө абагында.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү алардын айыбы жок экенин, кылмыш иш саясий максатта козголгонун айтып келатышат.

Текебаевдин адвокаттары да иштин материалдары менен толук таанышууга жетишпей калганын айтып буга чейин Башкы прокуратурага кайрылган.

Буга байланыштуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов:

- Иштин материалдары таанышуу жана керектүү көчүрмөлөрдү алуу үчүн жактоочуларга берилген. Бирок Текебаев, Чотонов жана жактоочулары таанышууну атайын создуктурганына байланыштуу тергөө органы убакытты 13-майга чейин чектеген. Айыпкерлерге бардык материалдардын көчүрмөлөрү берилип, иш сотко жиберилди, - деп 17-майда билдирген.

Адвокат Бакыт Жумашев убакыт атайын создуктурулган деген айыпты четке кагууда. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG