Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:02

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн Конгресстин Америкадагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча иликтеп жаткан комитетине сураган документтерин берүүдөн баш тартты.

Флинн Ак үйгө орус өкмөтүндөгү байланыштары тууралуу маалымат бербегени аныкталган соң, кызматтан алынган.

Анын документтерди көрсөтүү тууралуу тергөөчүлөрдүн суроосуна баш тартканы тууралуу каты Чалгын комитетинин жыйынында окулду. Тергөө тобу Флиннден орус бийлигиндеги байланыштары менен алышкан каттарын жана башка документтерин берүүнү талап кылган.

Флинндин адвокаты ал талаптарды аткарбасын жана өзүнө каршы келе турган көрсөтмөлөрдү бербесин маалымдады.

Бул АКШ Баш мыйзамында жазылган негизги жарандык укуктардын бири. Эми Флиннге Конгрессти сыйлабаганы үчүн кылмыш иши козголушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG