Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Түштүк Кореядагы оюндардан орусиялык оюнчулар четтетилүүсү ыктымал


Эл аралык паралимпиада комитети 2018-жылы Түштүк Кореяда өтүүчү кышкы паралимпиада оюндардан орусиялык оюнчулар допинг чырына байланыштуу четтетилүүсү ыктымалдыгын эскертти. Комитет Орусия күзгө чейин өзүнүн милдеттерин так аткарууга тийиштигин бекемдөөдө.

Ал эми орусиялык паралимпиадалык комитет 67 талаптын 62си аткарылганын билдирүүдө. Быйыл январда орусиялык спортчулар допинг кабыл алганы үчүн мелдештерге катышууга тыюу салынган. “Бул акыркы эскертүү эмес. Бирок чара көрбөсө, убакыт тез эле келип калат”,- деди эл аралык комитеттин президенти Филип Кревен.

2016-жылы декабрда Допингге каршы эл аралык комитет 2012-жылы Лондондогу, 2014-жылы Сочидеги олимпиада оюндарында орусиялык оюнчулар массалык түрдө кызытма колдонгону аныкталганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG