Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Отунбаева: демократия курултайдан башталат


Бул тууралуу бүгүн экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте Туруктуу Элдик Кеңештин Улуттук курултайында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал демократия курултай деген сөз менен барабар экенин, тарыхта көп маселелер эл чогулган курултайда чечилип келгенин айтты.

- Кыргызстанда 300 миңге жакын бюджетте иштеген адамдар бар экен. Алардын ичинде мамлекетке иштеп жаткан адамдар 17 миңин түзөт, анын 215и саясий, жогорку деңгээлдеги ишкерлер экен. Биз ошолор менен элдин ортосундагы айырма, ажырым туурасында айтып жатабыз. Бюджетте иштегендер Кыргызстандын калкынын 6% түзөт. Биз коррпуциядан арылабыз, аларды элдин алдында отчет бере тургандай шарт түзөбүз деп, бул эң чоң баш ооруткан маселе болууда. Ушуну кантип чече албайбыз? 26 жылдан бери биз ушуну менен алышып келе жатабыз. Биз да убагында жөн отурган жокпуз. Коомдук көзөмөлдү күчөтүү үчүн көп иштерди жасадык.

Курултайдын адеп-ахлактык, моралдык, маданият жагынан сүрү, өзүнүн салмагы болушу керек. Сүр көрсөткөн, кыр көрсөткөн салмагы болгондо маанилүү болот эле.

Отунбаева мамлекеттик мекеме, министрликтердин ишин көзөмөлдөөчү коомдук байкоочу кеңештер түзүлүп, мыйзам менен бекитилгенин, бирок ал мыйзамдын кантип аткарылып жатканын Жогорку Кеңеш көзөмөлдөй албай, ага эрки жетпей жатканын белгиледи.

Бүгүнкү Курултайдын күн тартибине Курултайды Конституцияга киргизүү маселеси, жаңы паспортто "улуту" графасын калтыруу жана өлкөдөгү социалдык кризис маселеси киргизилген.

Өткөн айда Бишкекте өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган саясатчылар кирген.

"Элдик курултай" жыйыны буга чейин 17-майда бардык облустарда өткөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG