Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Талас: Элдик көзөмөлдү күчөтүү сунушталды


Талас
Талас

«Кыргызстандагы Улуттук мекенчил күчтөр» кыймылы аймактарда жыйын өткөрүп, анда элдик курултай институтун башкы көзөмөл орган деп табуу маселеси талкууланды.

Мындан тышкары Жогорку Кеңешке, президентке жана өкмөткө бийлик органдарына Баш мыйзамдын 52-беренесин ага ылайыктап өзгөртүү жараянын баштоо жана жаңы паспорттогу улут графасын кайра калыбына келтирүү сунушталды.

Мындай жыйындарды өткөрүү чечимин аталган кыймыл апрелдин аягында Бишкекте өткөн уюштуруу жыйынында кабыл алган. Уюштуруучулардын бири Кадыр Кошалиев "бүгүн Нарында тоскоолдуктар болду, ал эми Ошто бир активист убактылуу кармалып кайра бошотулду" деп кабарлады. Расмий бийлик өкүлдөрү жыйындарга байланыштуу пикирин билдирише элек.

«Кыргызстандагы Улуттук мекенчил күчтөр» кыймылы Талас шаарында уюштурган жыйын белгиленген убакыттан кеч башталып, ага облус аймагынан сексенден ашуун киши катышты.

Жыйынды алып барган “Талас эл ынтымагы” кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов уюштуруу иштериндеги мүчүлүштүктөрдү минтип түшүндүрдү:

- Канчалаган айыл өкмөттөрдү кыдырганыбызга карабай, эл аз келгенине таң калдык.

Элдик курултай: идея жана демилге

Элдик курултай: идея жана демилге

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйынында Элдик курултай өткөрүп, ага айыл өкмөтү баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керек деп билдирди.

Жыйында чыгып сүйлөгөн активисттер негизинен элдик курултай институтунун макамын көтөрүү, курултайды башкы көзөмөл орган деп Конституцияга киргизүү боюнча аракеттерди баштоону Жогорку Кеңеш, президент баштаган бийлик органдарына сунуштоо зарылдыгын белгилешти.

«Жаңы муун» кыймылынын дагы бир өкүлү Аманбол Бабакулов “Азаттыкка” буларды айтып берди.

- 2010-жылы революция жасалганда ошол эле Баш мыйзамдын атасы болуп жүргөн адамдар бизге окшогон жаштарды алдап, мына, Конституциянын биринчи пунктунун биринчи беренесине "бийлик элдики" деп жаздык деген. Бирок ошол жерге көзөмөлдөөчү жана багытоочу деген мыйзамдарды киргизбей калыппыз. Бул биздин чоң жаңылыштык болду. Буга чейин деле ата-бабаларыбыз курултай өткөрүп келген. Эми ошону мыйзамдаштыралы деп жатабыз.

Жыйында курултайга жооптуу болуп Кыргызстандагы 474 айыл өкмөт менен 24 шаардын ар биринен бирден өкүл шайланары айтылды. Делегат президенттен баштап, бардык өкмөт курамынын аткарган ишин жылына бир жолу көзөмөлгө алат дейт, «Кыргыз чоролор» коомдук бирикмесинин ордо кеңешинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев:

- Президент же өкмөт башчы жаңы кызматка иш планы менен келет. Бирок аны сурап алган адам жок болуп атпайбы. Эми аны шайланган делегат сурайт. Биз бүгүн депутатты шайлап атабыз, эл ага кире албай калып жатат. Айылдан барган делегат кайра эле кетменин алып буурчагын чабат да. Анан эл маселесин жеринен сурап алат.

Жыйында паспорттогу улут графасын калыбына келтирүү боюнча да кызуу талкуу болду. Бул жааттагы маселени Таластын тургундары 23-майда Бишкекте өтө турган курултайда кабыргасынан коймой болду. Республикалык масштабдагы чогулушка Таластан 50гө чукул адам делегат болуп дайындалды.

Таласта өткөн жыйынга жергиликтүү расмий бийлик өкүлдөрү катышкан жок.

Курултай институтун киргизүү боюнча Жалал-Абадда өткөн жыйын. 17-май, 2017-жыл
Курултай институтун киргизүү боюнча Жалал-Абадда өткөн жыйын. 17-май, 2017-жыл

«Кыргызстандагы Улуттук мекенчил күчтөр» кыймылы 28-апрелде Бишкекте уюштуруу жыйынын өтүп, анда элдик курултай институтун түзүүнү, ал үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин айтып чыккан. Талаптарды аткарууга бир айлык мөөнөт коюлуп, ал аралыкта жер-жерлерде жыйындар уюштурулары кабарланган болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев апрелдин башында өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында элдик курултай институтун жандандырып, ана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүүнү сунуштаган. Курултай институтун өткөрүү укуктары Баш мыйзамдын 52-беренесинде көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG