Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:27

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн өкмөт жыйынында Транспорт жана жолдор, Маданият, маалымат жана туризм, Айыл чарба, тамак-аш өндүрүү жана мелиорация, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик каттоо кызматынын иши сынга алынды.

Анда айрым берилген тапшырмалар, өкмөттүн токтомдору, мыйзамдарды аткаруу кечиккен же такыр аткарылбай калган учурлар бар экени айтылды. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекмамбетовдун кызматына шайкеш келер-келбеси каралсын деген сунуш берилди. Ошондой эле Социалдык өнүктүрүү министрлигинде алешемдиктер аныкталганы белгиленди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар, Ички, Тышкы иштер министрликтеринин иши мактоого алынды. (КЕ/ЕВМ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG