Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:59

Жекшембиде испаниялык альпинист Килиан Хорнет дүйнөдөгү эң бийик тоо Эверестти багындыруунун тездиги боюнча рекорд койду. Ал 8848 метрлик чокуга кислород баллону жана коопсуздук троссу жок эле 26 саатта чыгып барган.

Анын команда мүчөлөрүнүн айткандарына караганда альпинист 5100 метр бийиктикте жайгашкан базалык лагерден өрдөп кеткен. Хорнет эми Эвересттеги башка дагы ар бир атактуу чокуга рекорддук убакытта чыгып барууну көздөөдө.

Жергиликтүүлөр Эверестти непалдыктардын бири сегиз саатта эле багындырганын айтып келишет. Бирок аны эч ким ырастай элек.

Демейде альпинисттер чокуга эки-үч жумада гана көтөрүлүшөт. Анда да ушу кезге чейин болгону 200 киши кислород баллону жок чыккан.

XS
SM
MD
LG