АКШ президенти Дональд Трамп Манчестердеги 22 адамдын өмүрүн алган жардырууну кескин сындап, ал "карасанатайлардын" колунан келгенин билдирди.
Бул тууралуу Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен Вифлеемдеги жолугушуусунда айтты.
Трамп чабуул "күнөөсүз балдарды" бутага алганын, мындай "коркунучтуу идеология толук жок кылынышы керектигин жана адам өмүрлөрүн сактоо үчүн заманбап эл биригиши зарылдыгын" баса белгиледи.
Манчестердеги жардырууга байланыштуу Евробиримдик, НАТО лидерлери да көңүл айтышты.