АКШ президенти Дональд Трамп Йордан дарыясынын батыш жээгине сапарында Израиль менен Палестинаны тынчтык маселесинде мунаса табууга чакырды жана тараптар буга даяр экенин билдирди.
"Мен израилдиктер менен палестиналыктардын тынчтык келишимге жетишүүсүн көздөйм жана буга жардам берүү үчүн мүмкүн болгондун баарын жасайм. Президент Махмуд Аббас бул жаатта чын ниеттен иш жүргүзөрүн ырастап жатат. Премьер-министр Нетаньяху да ушундай эле убада берген", - деди Трамп 23-майда Иерусалимдеги музейде сапарын жыйынтыктап жатып.
Ал ошондой эле терроризм менен экстремизмди жок кылууну максат кылган өнөктөштөрдүн эл аралык коалициясын түзүүгө чакырды.
Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху Палестина автономиясынын лидери Махмуд Аббастын Манчестер калабасын сындаганын кубаттады. Бул “чыныгы өзгөрүүдөн” кабар берет деп баалады ал. Нетаньяху зомбулукка шыкак берет деп Аббасты такай айыптап келген болчу.
Аббас болсо Израил менен тарыхый мунасага жетишүүдө Трамп менен иштешүүгө даярдыгын билдирди. Нетаньяху да “бекем тынчтык” Трамптын жетекчилиги астында ишке ашарын кошумчалады.
Израил менен Палестина ондогон жылдардан бери жер талаштын айынан жаңжалдашып келет.