Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Укук коргоочулар шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүгө кабатыр


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы коомчулукка кайрылуу таратып, Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөртүү киргизилип жаткан "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорунда байкоочулардын укугу бузулуп жатканын маалымдады. Кайрылууда айтылгандай, жаңы мыйзам долбоорунда байкоочулардын эркин басып жүрүү жана каалаган добуш берүү участогуна баруу, шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышуу укугу алынып салынган.

Байкоочулардын добуш берүү мыйзамдарынын бузулуусу боюнча шайлоо комиссиясынын чечимине каршы чыгып, сотко арыздануу укугу тууралуу берене да жок кылынганы белгиленген.

Коалиция жаңы мыйзам долбоору жарандык коомдун байкоочуларынын укугун бузуп, алардын ролун бардык мыйзам бузууларга үн катпастан карап тура берүүчү статист кызматкерлердин ролуна теңдеп койду деп эсептейт.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы парламент депутаттарын демократиялык баалуулуктарга, адам укугуна каршы келе турган жана эң башкысы президенттик шайлоодо байкоо процессинин сапатына терс таасирин тийгизүүчү мыйзам долбоорун артка кайтарып алууга чакырууда.

17-майда Жогорку Кеңеш «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду экинчи окууда кабыл алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG