Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт


24-майдан тартып Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу ар жумада дүйшөмбүдөн тартып бейшембиге чейин жол кыймылына чектөө киргизилип, маал маалы менен жол жабылат. Таш кулатуу ишин №32 жол тейлөө ишканасы жүргүзөт. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги маалымдады.

Өткөн жылы 30-июлда Боом капчыгайынын 142-143-чакырымдарда “Хонда Степ” үлгүсүндөгү автонунаага таш кулап, бир адам каза тапкан. Капчыгайда жаан жааган сайын суу каптоолор болуп, автоунаалардын узак тыгыны жаралган учурлар катталган. Айрым эксперттер Боомдогу кырсыктарды жолдун чала бүткөнү менен байланыштырып келишет.

Бишкек – Нарын – Торугарт жолун оңдоо иштери 2010-жылы башталып, былтыр аяктаган. Долбоордун жалпы баасы 438 миллион долларды түзүп, аны негизинен Азия өнүктүрүү банкы каржылаган. Кытайлык China Road компаниясы ишке ашырган курулуштун сапатын Транспорт министрлиги текшерип, кабыл алган. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG