Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Милиция Бишкектеги жардыруу тууралуу кабарды четке какты


Окуя болгон жер
Окуя болгон жер

Бишкекте жардыруу болду деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди:

- Бүгүн саат 07:37де милицияга филармониянын жанында бир куту табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерди милиция курчоого алып, коопсуздукту камсыз кылган. Ошондой эле УКМКнын саперлору барып, азыркы тапка карата ишин бүтүштү. Эч кандай жардыруучу зат жок дешти. Курчоо кайра алынып салынды.

Оморовдун белгилешинче, окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иш алып барууда.

“Жардыруу болгон жок. Так айта албайм, бирок үн чыкканы саперлордун атайын каражаттарын колдонууга байланыштуу болушу ыктымал” деди Адыл Оморов.

Учурда бул окуя интернетте катуу талкууланып, айрымдар Улуттук филармониянын жанында жардыруу болду деген божомолун айтууда. (ZKo/RK)

Колго жасалган жардыргычтын муляжы жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

XS
SM
MD
LG