Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Ош-Бишкек жолунда кара май ташыган унаанын айдоочусу күйүп кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош-Бишкек трассасында күйүүчү май ташыган унаада бир адам күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, унаа жолдун 307- чакырымындагы Токтогул аймагында 23-майда саат 22:30 чамасында күйүүчү май ташыган машина менен оор жүк ташып бараткан унаа кагылышкан.

Натыйжада күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыгып, ичиндеги айдоочусу менен бирге күйүп кеткен. Айдоочу жеринде каза болгон.

Ал эми кырсыкка кабылган экинчи унаадагы эки адам ооруканага жаткырылды. (RsK)

XS
SM
MD
LG