Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:02

Кытай Пхеньян менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын орто аралыкка учуучу баллистикалык ракета сыналган кезде. 21-май, 2017-жыл.

Муну менен расмий Бээжин АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн Түндүк Кореяга өзөктүк жана ракеталык сыноолорунан улам БУУнун Коопсуздук кеңешинин каталыраак санкцияларын киргизүү аракетин четке кагууда.

Кытайдын БУУдагы элчиси Лю Цзеи Нью-Йорктон кабарчыларга берген маегинде “чыңалууну жумшартууну карай ар бир кадам сүйлөшүү аркылуу гана жетишилген, ага учурда абдан чоң зарылдык бар, азыркы кырдаалда диалог жүрө албагыдай эч себеп жок, буга саясий эрк керек”, - деп белгиледи.

АКШ, Британия, Франция Пхеньяндын баллистикалык ракета сыноолорунан улам ага каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырган. Акыркы сыноо 21-майда болгон.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Түндүк Корея сыноолорун токтотмоюнча сүйлөшүү мүмкүн эместигин билдирген.

Кытай элчиси болсо Бээжин биринчи кезекте БУУнун санкциялар боюнча буга чейинки алты резолюциясынын толук аткарылуусун көргүсү келээрин айтып жатат.

Коопсуздук кеңешинде вето укугу бар Кытай Түндүк Кореянын саясий жана соода өнөктөшү. (UE)

XS
SM
MD
LG