Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Шыкмаматовдун соту белгисиз мөөнөткө калды


Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту белгисиз мөөнөткө калды.

Айыпталгандар “Барат Люкс” компаниясы Бишкектин Свердлов районунда жайгашкандыктан иш ошол райондо каралышы керек деп сотко өтүнүч келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Мындан улам айыпталуучулардын бири Жусуп Иманалиевдин адвокаты бул маселе боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды, натыйжада сот белгисиз мөөнөткө калды.

Алмамбет Шыкмаматовго «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан» деген айып тагылган. Башкы прокуратура депутатка Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча козгогон иш алкагында баш коргоо чарасынын "өлкөдөн чыкпоо" түрү каралган. Андан тышкары бул кылмыш иш боюнча Эсеп палатасынын айрым кызматкерлери да айыпталууда.

Алмамбет Шыкмаматов айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек карап жатат. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG