Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

АКШнын бюджетинде чет элге жардамды кыскартуу сунушталды


Президент Дональд Трамп Конгресске кайрылуу жасаган учур. 28-февраль, 2017-жыл.
Президент Дональд Трамп Конгресске кайрылуу жасаган учур. 28-февраль, 2017-жыл.

2018-жылга жалпы көлөмү 4,1 триллион долларга барабар бюджеттик план Конгресске кечээ жөнөтүлдү.

Анда аскерий чыгымдарды кыйла көбөйтүү, ал эми дипломатия менен чет элдик жардам үчүн бөлүнгөн каражатты дээрлик үчтөн бирге кыскартуу каралган.

Маселен, долбоордо аскерий чыгымдарды же аскерий программаларды каржыоо 10% көбөйтүлсө, Мамлекеттик департамент менен АКШнын чет элдик жана өнүгүү агенттиги - ЮСАИДдин келерки жылдагы бюджети 32% же дээрлик 19 миллиард долларга азайтылган.

Бюджет долбоорунда ошондой эле саламаттыкты сактоо, азык-түлүк, тынчтыкты сактоо, билим берүү жана маданий чөйрөдөгү алмашуулар, климаттын өзгөрүшү боюнча программаларга АКШ ажыратуучу каражаттын көлөмү кыйла кыскартылган.

Глобалдык саламаттыкты сактоо программаларына, анын ичинде СПИД, кургак учук, безгек илдеттерине каршы күрөшүү программаларына бөлүнүүчү акча 24% же 6,5 миллиард долларга кыркылган. Эл аралык уюмдарды каржылоого бөлүнүүчү акчанын жалпы көлөмүн да 44% азайтуу сунушталган.

АКШ Конституциясы боюнча бюджетти бекитүүдөгү акыркы укук Конгресстин колунда.

Республикалык партиянын Конгресстеги чечүүчү өкүлдөрү бюджет долбоорунда чет элдик жардамдын кыскартылып жатышын кубаттоо менен кабыл алган жок. (UE)

XS
SM
MD
LG