Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Казакстан: жарандык боюнча талаштуу мыйзам биринчи окуудан өттү


Мыйзам долбооруна мурдараак президент Нурсултан Назарбаев да колдоо көргөзгөн.
Мыйзам долбооруна мурдараак президент Нурсултан Назарбаев да колдоо көргөзгөн.

Бул мыйзам долбоору парламентте кабыл алынып, күчүнө кирсе Казакстанда бийликтер “террорчу” деп санагандарды жарандыктан ажыратууга жол ачылат.

Мыйзам жоболоруна ылайык, жарандыктан ажыратуу жазасы террордук уюм түзгөндөргө же ага кошулгандарга, өлкөнүн өтө маанилүү кызыкчылыктарына коркунуч туудургандарга, президентти өлтүрүүнү көздөгөндөргө карата колдонулат.

Бийликтин бул демилгесинин сынчылары мыйзам оппозициячыл саясатчыларга каршы да колдонулушу мүмкүн деп санашат.

Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып жаткан, 76 жаштагы президент Нурсултан Назарбаевдин негизги оппоненттеринин айрымдары чет өлкөдө, ыктыярдуу бозгунда жашашат.

Сынчылар ошондой эле мыйзамдын “өлкөнүн өтө маанилүү кызыкчылыктары” деген аныктамасында тактык жоктугун белгилешет.

Юстиция министри Марат Бакентаев 24-майда парламентте сүйлөгөн учурунда жарандыктан ажыратууну караган мыйзам долбоорунун “саясат менен эч байланышы жок”, “саясий аспап” катары колдонулбайт деп ырастады.(UE)

XS
SM
MD
LG