Театр режиссеру Александр Бурдонски 75 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Орусия армиясынын ал көп жылдар бою иштеген Борбордук театрынын билдиргенине караганда, Бурдонски узакка созулган жүрөк дартынан каза тапты.
Бурдонскинин атасы Василий Сталин Иосиф Сталиндин уулу болгон.
Советтик армиянын аскер-аба күчтөрүнүн лейтенанты Василий Сталин атасы дүйнөдөн өткөндөн кийин бир нече жыл камалып, 1962-жылы каза тапкан.
Анын баласы Александр Бурдонски энеси Галина Бурдонскаянын фамилиясына жазылган эле.
Бурдонски театрда 20дай драмага режиссерлук кылган. Ага Орусия федерациясынын Эл артисти деген ардак наамы да берилген. (UE)