Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

ТИМ: Манчестерде жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок


Манчестер
Манчестер

Британиядагы жардыруудан жабыркагандар арасында Кыргызстандын жарандары жок. Алдын ала маалымат ушундай экенин бүгүн "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Манчестер шаарындагы «Манчестер-арена» концерттик залында 23-майга караган түнү жардыруу болуп, 22 адамдын өмүрү кыйылган, 60ка жакын адам жараат алган.

Британия учурда коопсуздук боюнча чукул планын ишке киргизип, маанилүү коомдук жайларда куралдуу полицияга кошумча аскерлерди да жайгаштырды.

Жардырууну теги боюнча ливиялык, Британияда туулуп өскөн Салман Абеди жасаган деп шектелүүдө. Жанкечтинин өзү дагы мерт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG