Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Кыргызстандык гиддер эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүдө


Тренинг учуру
Тренинг учуру

Кыргызстанда туристтер үчүн жөө саякат уюштурган гиддер атайын тренингден өттү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна АКШ элчилигинен кабарлашты.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча USAID агенттиги уюштурган бул окууга 75 жергиликтүү гид катышты. Алар коопсуздук жана саякат уюштурулуучу аймакты билүүнүн эл аралык стандарттарын үйрөндү.

Эки күн теория, дагы үч күн Жыргылаң өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте практикалык тур болду.

Иш-чаранын демилгечиси – Кыргызстандын Тоо гиддер ассоциациясы мындай ири масштабдагы окутууну биринчи жолу уюштурду жана келечекте дагы өткөрүп турууну пландоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG