Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов быйылкы президенттик шайлоого буга чейинки шайлоо өнөктүгүнө салыштырганда кыйла аз талапкер катышат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунун өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.
"Буга чейинки президенттик шайлоого 80ден ашуун талапкер катышкан болсо, быйыл бул сан кескин кыскарып, 5-7ден ашпаган сандагы белгилүү саясатчы катышат" деди Өмүркулов.
Жолугушууда шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды.
Фракция башчысы эл аралык байкоочулар, көз каранды эмес журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн чакырыларын айтты.
Ошондой эле ал шайлоону 15-октябрда өткөрүү туура болот деген пикирин дагы бир ирет кошумчалады.
Кыргызстандын азыркы башчысы Алмазбек Атамбаевдин кызмат мөөнөтү быйыл 1-декабрда аяктайт. Шайлоо күнү расмий атала элек. (RK)