Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:24

Казакстанда президенттикке талапкер болчулар чектелет


Нурсултан Назарбаев биринчи президент катары шайлоого мөөнөтсүз катышууга укук алган.

Казак парламентинин төмөнкү палатасы - Мажлис шаршемби күнү жактырган мыйзам долбоору Казакстанда жарандардын же саясатчынын президенттикке талапкерликке өзүн өзү көргөзүүсүнө тыюу салат.

Талапкер көргөзүү укугу расмий каттоодон өткөн саясий партиялар менен коомдук уюмдарга гана берилет.

Мындан сырткары президенттикке талапкер болгусу келгендер мурда мамлекеттик же шайланма кызматта иштөөсү керек.

Буларга кошумча президенттикке талапкер болчу адам мамлекет башчынын ыйгарым укугун аткаруусуна жолтоо болчу оору-сыркоосу жоктугун да далилдөөсү талап кылынат.

Юстиция министри Марат Бекетаевдин айтымында президенттикке талапкердин медициналык кароодон өтүүсүнүн тартиби өзүнчө документте жазылат.

Коңшу өлкөдө соңку мөөнөтсүз президенттик шайлоо 2015-жылдын 26-апрелинде болгон. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG