Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 18:18

Фархад Бекманбетов кызматынан бошотулду


Фархад Бекманбетов.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жардыкка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 24-майда кол койду.

Белгилүү кыргызстандык продюсер Фархад Бекманбетов маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп 2016-жылы февраль айында дайындалган. Ал 2015-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмесинен талапкер катары ат салышкан.

Буга чейин да өкмөткө "Ата Мекен" партиясынан келген социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев, юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуева, Миграция кызматынын статс-катчысы Канатбек Азиз жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчи орун басары Марат Таиров кызматтан бошотулган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG