Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

"Акыркы коңгуроо" коопсуздугун төрт миңдей милиционер көзөмөлдөөдө


Бүгүн мектепти бүтүрүүчүлөрдүн “Акыркы коңгуроо” майрамына байланыштуу коопсуздукту камсыз кылууга жалпысынан республика боюнча төрт миңден ашуун милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Ар бир мектепке 3-4төн милиция кызматкери бекитилди. Жалпысынан быйыл Кыргызстанда 9-классты 90 миң, 11-классты 60 миңдей бүтүрүүчү аяктап жатат.

Маселен, Баткен облус аймагындагы 235 мамлекеттик, 3 менчик жалпы билим берүүчү мектепте 11-классты 5800 бала бүтүрүүдө. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептеги салтанатка катышып, окуучулар менен мугалимдерге каалоо айтып, компьютер тапшырды.

Ал эми Таласта коомдук коопсуздукту бүгүн 250дөн ашык милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ильяз Касымбаев билдирди. Алар бүтүрүү кечеси аяктаганга чейин көзөмөлдөп турат. Мындан тышкары, кафе-ресторандарда да атайын текшерүүлөр болот. Облус боюнча быйыл 11-классты 2388 окуучу бүтүп жатат. Талас аймагында жалпы 112 орто мектеп бар. (RK/AlS/JsA)

XS
SM
MD
LG