Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:41

АКШ президенти Дональд Трамптын Бириккен Улуттар Уюмуна берилчү каржыны азайтуу сунушу уюмдун ишин улантуусуна "мүмкүндүк бербейт". Бул тууралуу 24-майда БУУнун расмий өкүлү Стефан Дуяррик билдирди.

Трамп Кошмо Штаттардын эл аралык жардамын 19 млрд долларга кыскартууну сунуштаган. Анын ичинде дүйнөлүк уюмдун тынчтык миссиясы үчүн төлөм 1 млрд долларга, эл аралык уюмдарды каржылоо 44% азаймак.

"Сунушталган сандар Улуттар Уюмунун тынчтыкка жетишүү, өнүктүрүү, адам укуктары жана гуманитардык жардам жаатындагы маанилүү ишин улантышына мүмкүндүк бербейт", - деди Дуяррик.

Президенттик администрациянын сунушун АКШ Конгресси жактырышы керек. Ал эми айрым конгрессмендер кескин кыскартууларды колдобосун айтышууда.

АКШ эң ири салым кошуучу катары БУУнун негизги 5,4 млрд бюджетинин 22% жабат. Ошондой эле уюмдун тынчтык миссиясынын 7,9 млрд долларлык бюджетинин 28,5% толтурат.

Трамп буга чейин БУУга берилчү бул салым АКШ үчүн адилетсиз деген эле. Ошол эле учурда эгер БУУ эффективдүү иштесе Кошмо Штаттардын салымы мааниге ээ болорун белгилеген.

"Баш катчы Антонио Гутерреш Улуттар Уюмун реформалоону толук колдойт. Биз канткенде уюмдун ишин сарамжалдуу уюштура аларыбызды АКШ менен талкуулаганга даярбыз", деп кошумчалады Дуяррик.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG