Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Филиппин: Жоочулар басып алган шаар бошотула элек


Өкмөттүк армиянын куралдуу күчтөрү Марави шаарында
Өкмөттүк армиянын куралдуу күчтөрү Марави шаарында

Филиппиндин түштүгүндөгү Марави шаары экстремисттерден жапа чегүүдө. Экинчи күнү катары менен шаарда "Ислам мамлекети" террор тобуна берилгендигин билдирген "Мауте" тобунун жоочулары менен аскерлердин атышуусу токтой элек. Жоочулар Маравинин жарымынан көп бөлүгүн басып алышкан соң миңдеген адамдар турак жайларын таштап кача башташкан.

Шаршембиде өлкөнүн түштүк аралы Минданаодо аскердик абал жарыяланды. Филиппин бийлигинин шаарды бошотуу аракетинен азырынча майнап чыга элек.

Жагдай шейшембиде өкмөттүк аскерлер жоочулар жашырынган үйдү курчап, бирок операция ийгиликсиз болгондон кийин курчуп кетти. Ошондон кийин "маутечилер" шаар тургундарын туткунга алышып, имараттарды өрттөп, түрмөдөгүлөрдү бошото башташкан.

Эми башкы командачылык катардагы рейд кандайча ири аскер операциясына айланып кеткенин териштириши керек. Бул окуядан соң өлкө президенти Родриго Дутерте Орусиядагы сапарын токтотуп, кайтып барды.

XS
SM
MD
LG