Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:28

Рак оорусун пайда кылуучу формальдегид заты Бишкектин абасында нормадан беш эсе жогору болууда. Борбор шаардын экологиялык абалына байланыштуу көйгөйдү көтөрүп чыккан Жогорку Кеңеш депутаты Руслан Казакбаев бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып бул маселе өкмөт жана мэрия менен биргеликте кеңири талкууланышы керек деген сунушун айтты.

- Бүгүнкү күндө Бишкек Кыргызстанда респиратордук илдеттер жана дем алуу органдарынын онкологиялык ооруларынын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Шаардын абасындагы азот диоксидинин концентрациясы нормадан эки эсе ашууда, - дейт депутат.

Казакбаев жол тыгындары, адам өлүмүнө жеткирген жол кырсыктары, абаны коргоо чараларын тез арада күчөтүүгө чакырды. Түштүк тараптагы кичи райондордон Бишкектин борборуна мурда 20 мүнөттө жетүү мүмкүн болсо, азыр бир саатка чейин созулуп кетээрин айтты.

Кыргызстанда чет жактан ташылып келген унаалардын саны 2013-жылы жогорку чекке жетип, үч эсе көп катталган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG