Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

УКМК: Жардыргыч зат сатуу менен алектенгендер соттолду


Кылмыштуу топторду жардыргыч заттар менен камсыз кылууга аракеттенген деп шектелген беш адамга карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

18-майда Нарын шаардык сотунун өкүмү менен “Макмалалтын” комбинатында иштеген эки адам 8 жылга, бирөө 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды жана эки адам ар бири 30 миң сомдон айыппул төлөмөй болду.

Алар УКМКнын террордук жана уюшма кылмыштык топторду жардыргыч зат жана анын компоненттери менен камсыз кылган каналдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында быйыл январь айында кармалган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG