Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

ФСБ: Орусияда теракт уюштурууну көздөгөн төрт адам кармалды


Орусиянын бийликтери Москванын транспорт системасына кол салууну көздөгөн "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун төрт мүчөсү кармалганын 25-майда маалымдашты. Федералдык Коопсуздук кызматы (ФСБ) тараткан билдирүүдө кармалгандар Сириядан тапшырмаларды алып турушкан. Кармалгандардын арасында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Орусиянын жарандары бар.

Билдирүүдө жазылгандай, шектүүлөрдүн үйлөрүн полиция тинткенде жардыруучу заттарды жасаган чакан лаборатория, колго жасалган жардыруучу заттар, граната, автоматтар жана экстремисттик мазмундагы адабият табылган.

ФСБ ошондой эле шектүүлөр чабуул уюштургандан кийин Сирияга кетүүнү боолгоп жатышканын билдирди. Апрель айынын башында Санкт-Петербургдагы метродо жасалган теракт 16 адамдын өмүрүн алган. Аны бийликтин маалымдашынча, Кыргызстанда туулган 22-жаштагы Орусиянын жараны ишке ашырган.

Бул окуяга тиешеси бар деген шек менен Борбор Азиядан чыккан 10 чакты киши камалган.

XS
SM
MD
LG