Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Савченко: партиямды министрлик каттабай жатат


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Украиналык учкуч, эки жыл Орусиянын түрмөсүндө отуруп чыккан Надежда Савченко Юстиция министрлиги анын жаңы кыймылын каттоодон өткөрүү өтүнүчүн карабай жатканын 25-майда болгон маалымат жыйында айтты.

Туура бир жыл мурда ал Орусиядан абактан чыгып, Киевге кайтып келген. Ал эми бир нече күн мурда Польшанын маалымат агенттигине курган маегинде өлкө үчүн жоопкерчилик алып, 2019-жылы өтө турган президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтөрүн билдирген.

Савченко бул күнү "Надежда Савченконун социалдык-саясий платформасы" деген жаңы кыймылын расмий алып чыкмактыгын, бирок белгисиз себептерден улам, эч кандай түшүндүрмөсүз, телефондук чалууларга, каттарга жооп бербестен Юстиция министрлиги партияны каттабай жатканын билдирди.

Юстиция министрлиги Савченконун билдирүүсүнө эч кандай комментарий берген жок. Украинада президенттик жана парламенттик шайлоо 2019-жылы өтөт. Киевде жайгашкан Разумков борбору өткөргөн сурамжылоого ылайык, эгер ушул айда шайлоо өтсө Савченко 1-2% добушка ээ болмок.

Савченко Минскиде өздөрүн "Луганск жана Донецк республикаларынын" лидерлери деп атаган Игорь Плотницкий жана Александр Захарченко менен кездешкени үчүн Украина Жогорку Радасындагы “Батькивщина” фракциясы Надежда Савченкону өткөн жылдын соңунда катарынан чыгарып салган.

XS
SM
MD
LG