Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:05

Прокуратурага Мамдуманын депутаты Василий Пискарев уюмдун Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчи орун басары Илья Шумановдун сөзү коркутууга жатар-жатпасын иликтөө өтүнүчү менен кайрылган.

Тараптардын чыры Мамдуманын депутаты Наталья Поклонскаянын Алексей Навальныйга таандык коррупцияга каршы фонду жана Transparency International Russia өздөрү коррупцияга аралашкан болушу ыктымалдыгын айткан сөзүнөн кийин башталган.

Ага жооп иретинде Фейсбуктагы баракчасына уюмдун жетекчисинин орун басары Илья Шуманов Transparency Поклонскаянын өзүн текшерерин жазган. Василий Пискарев бул сөздөр "басым жасоонун аракети" деп сыпаттаган.

Депутат Наталья Поклонская 2014-жылдын сентябрынан 2016-жылга чейин Орусия аннексиялап алган Крымда баш прокурор болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG