Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 20:58

Баткенде сел үйлөрдү каптап, жеңил унааларды агызды


Баткенде сел суусу үйлөрдү каптап, бир нече жеңил унааны агызды. Учурда ал жерде табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 25-майдын кечинде Актатыр айыл аймагында нөшөр жаандан 3 турак үйдүн ичине жана 19 үйдүн короосуна сел суусу кирген. Андан сырткары 200 метр ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 282-чакырымында сел агып өтүүчү сайда бараткан 3 жеңил унааны агызып кеткен.

Самаркандек айыл аймагында суу 3 турак үйгө кирген. Курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн короосуна да кирип, ичиндеги тактайлар менен сыртта турган 1 жеңил унааны агызып кеткен. 1 электр мамысынын астын сел суусу жууп, кыйшайтып салган.

Жабыркагандар жок. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG