Бишкекте турак үйлөр арасынан жылан чыкты. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Биринчи Май районунда Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жыланды Тынчтык көчөсү №24а дарегинде жайгашкан үйдүн кире беришинин жанынан кармап, аны кайра адам жашабаган жерге кое беришкен.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. (RK)