Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:29

Ушу тапта Бишкек мэриясынын алдында шаардагы бактардын кыйылышына каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. Он чакты жарандык активист колуна "Бактарды талкалоону токтоткула!", "Дем ала албасак кантип жашайбыз?" деген жазууларды кармап турат.

Буга чейин эколог адистер белгилегендей, соңку чейрек кылым ичинде Бишкектин бак-дарак фонду бир нече эсе кыскарган. 1980-жылдары шаардын бир тургунуна 30 чарчы метр жашыл аянт туура келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 5 чарчы метрден ашпайт.

Бишкек мэриясы эскирген бактарды санитардык жана коопсуздук максатта кыйып жатканын айтып келет. Себеби катуу шамал болгондо кулаган бактар адамдарды, машиналарды басып калып, өлүм менен аяктаган да учурлар катталган.

Бирок адистер кээде куурабаган, жаш бак-дарактар да кыйылып жатканын, мындай көрүнүш куруу иштери башталган жерлерде көп экенин айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG