Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Акрамзода: Тажикстанда эмки жылы Рогундун үч агрегаты ишке кирет


Рогундун курулушу учурундагы салтанаттуу иш-чара
Рогундун курулушу учурундагы салтанаттуу иш-чара

Тажикстанда 2018-жылдын аягына чейин Рогун ГЭСинин үч агрегаты ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Баходур Акрамзода билдирди.

Акрамзода жакында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен гидроэлектростанциянын курулушун көрүп келген. Айтымында, украиналык эки жүздөй адис ГЭСтин эки агрегатын монтаждап жатышат. 70 чакырымга созулган өтмөктөр салынып бүттү. Аскалуу жердин алдында орун алчу алты гидроагрегаты бар залдын курулушу аяктоодо.

Депутат Рогунга акча жетпейт деген маалыматтарды четке какты.

Буга чейин Salini Impregilo инженердик-курулуш компаниясы эмки жылы Рогун ГЭСинин алгачкы эки агрегаты бүтөрүн маалымдаган. Бул италиялык компания менен Тажикстан 3,9 млрд долларлык келишимге кол койгон. Суу сактагычтын плотинасын курууга эле 2 млрд доллар керек.

Тажикстанда электр энергиясы тартыш, сентябрдан апрелге чейин айрым аймактарга суткасына 4-5 саат гана электр берилет. Рогун бул таңкыстыкты чечерин президент Рахмон айтып келет.

XS
SM
MD
LG