Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:03

Жумакадыров: Терроризмди тааныбоо боюнча активдүү саясат жүргүзүүдөбүз


Темир Жумакадыров

Кыргызстан терроризмди жана аны коштогон экстремизмди тааныбоо багытында активдүү саясат жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Орусиянын Тверь шаарында 23-25-майда өткөн коопсуздук жыйынында айтты.

Темир Жумакадыров 2016-жылы Кыргызстанда террорчулукка каршы багытталган мыйзамдар топтому кабыл алынганын, алардын негизинде экстремисттик вебсайттарды сотко чейин тосмолоо, террорчулук үчүн соттолгондорду түрмөдөн шарттуу түрдө эртелеп бошотуу нормаларын алып салуу, мындай ишке аралашкандарды жарандыктан ажыратуу каралганын айтып берди.

Орусиянын Коопсуздук кеңеши уюштурган бул жолугушууга 90го жакын өлкөнүн өкүлү катышты.

Күч түзүмдөрүнүн маалыматына караганда, Кыргызстандан Сириядагы согушка катышууга кеткен жарандардын саны былтыр 500дөн ашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG