Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

АКШ Орусияга киргизген санкцияларын караштырып жатат


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ Ак үйү ушу тапта Орусияга каршы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда киргизилген санкцияларын караштырууда. Азырынча аларды колдоо боюнча эч кандай позициясы жоктугун Трамптын экономикадагы кеңешчиси Гари Кон 25-майдагы брифингде билдирди.

Кеңешчинин айтымында европалык лидерлер 25-майдагы НАТОнун саммити учурунда АКШ президенти Дональд Трамптан Орусияга салынган санкцияларды узартар же узартпашын сурашкан.

Кон белгилегендей, президент азырынча чече электигин билдирген. "Менимче президент муну караштырып атат. Азырынча бизде позиция жок", - деген кеңешчи Трампта "варианттар көп" экенин билдирерин кошумчалады.

Дональд Трамп президенттикке талапкер кезинде санкцияларды алууга ачыктыгын билдирген болчу. Бирок АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Орусия аннексиялаган Крым кайрадан Украинага кайтарылмайын бул маселе көтөрүлбөсүн айткан эле.

Орусиянын Украинага карата агрессиясына байланыштуу санкциялар АКШ жана Евробиримдик тарабынан 2014-жылдан тарта киргизилген жана узартылып келет.

XS
SM
MD
LG