Бишкекте тротуар менен айдаган, эреже бузгандарды чөнтөк телефонуна тартып жаткан келиндин арызы боюнча кылмышка шектүү жаран аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык патрулдук милициянын маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Таалай Бугубаев кабарлады. Анын айтымында, шектүү айдоочу аял камалган жок, тергөөчүгө сурак берүүдө:
- Бишкек шаарынын Учкун кичи районунун 1974-жылы туулган тургуну кармалып, автоунаасы айып унаа токтотуучу жайга коюлду. Чогултулган материалдын баары тергөөгө өткөрүлүп берилди. Медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалды. Айдоочу тергөөчүгө түшүнүк берип жатат.
Баласын коляскага салып сейилдеп жүргөн келин тарткан видео интернетке кечээ тараган. Анда унаа жолдогу тыгындан улам айрым жеңил машиналар тротуар менен айдап өтүп жатканын көрүүгө болот. Окуя ТЭЦ жакта болгону сүрөттөлөт.
Видеого тартып жаткан келиндин жанынан тротуар менен айдап бараткандардын биринен кийин кыйкырган үндөр, баланын катуу ыйлаганын укса болот.
Бугубаевдин белгилешинче, коляска айдаган аял аларды айдоочу аял машинасынын алдыңкы дөңгөлөгү менен коюп кеткендиктен баласы жыгылганын айтып жатат. Ал эми айдоочу, тескерисинче, балалуу аялды айыптап, ал буту менен машинаны тепкен учурда коляска аңтарылып кеткенин айтууда. Окуянын чоо-жайын милиция териштирүүдө.
Учурда ТЭЦ жактагы айрым жолдор оңдолуп, тыгындар пайда болууда. (RK)