Марафон өттү шаардын өкмөттүк күчтөрдүн колуна өткөнүн майрамдоо үчүн уюштурулган. Ага каалоочулардын баары катышып, марада аларды гүл, шарлар жана музыка менен тосуп алышты.
- Менде сезимдер ар кандай. Өзүмдүн өлкөмө ишеним жана сүйүүнү сезип турам. Кандуу калаба бизди чексиз кыйнап келгенине карабай эми биз мындай иш-чараларды уюштура алабыз, - деди катышуучулардын бири Йомна Ваккас.
Хомс Сириядагы чоң шаарлардын үчүнчүсү жана мурда өлкөнүн өндүрүш борбору эсептелчү. Жарандык согушка жол берген кагылыштардын бири да алгач ушул жерде тутанган. Өкмөттүк күчтөр 2015-жылы козголоңчулар менен сүйлөшкөндөн кийин алар шаардан кете башташкан.
Ошентип 18 айдан кийин шаар толугу менен өкмөттүн колуна өттү. Уюштуруучулар марафон аркылуу Хомс эми согуш талаасы эмес, тынч жана стабилдүү шаар болорун көрсөткүлөрү келгенин айтышты.