Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:03

HRW: Чеченстанда кумсалар кыйноого кабылганы ырасталды


Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму Чеченстанда кумсалар куугунтукталып, кыйноого кабылганы тастыкталганын билдирди.

Уюмдун 26-майдагы баяндамасында, кумсаларга каршы өнөктүк чечен бийлигинин буйругу менен быйыл февралдан апрелге чейин жүргөнү айтылат.

Анда чечен парламентинин спикери Магомед Даудов негизги ролду ойногонун белгиленет. Уюм маектешкен жабырлануучулардын көбү кыйноо маалында полициядан Даудовдун ысымын көбүрөөк угушкан.

Үч жабырлануучу баш калаа Грозный менен Аргун шаарындагы бейрасмий абактарга спикер өзү келгенине күбө болушкан.

"Жабырлануучуларды мыйзамсыз камак жайларына алып барышкан. Ал жакта аларды сабашкан, электр тогу менен кыйнашкан. Кыйноо аркылуу башка кумсалар тууралуу маалымат берүүгө мажбурлашкан. Натыйжада кармалган кумсалардын саны көбөйүп, болжол менен жүзгө жеткен. Алардын айрымдары дайынсыз жоголушкан" - дейт "Хьюман Райтс Уотчтун" Москвадагы изилдөөчүсү Юлия Горбунова.

Буга чейин орус бийлиги Чеченстанда сексуалдык азчылыктар куугунтукталганы тууралуу маалыматтар тастыктала электигин билдирген. Азырынча федералдык бийлик да, чечен бийлиги да "Хьюман Райтс Уотчтун" соңку баяндамасына жооп кайтара элек.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG