Орус православ чиркөөсүнүн башчысы, патриарх Кирилл Кыргызстанда эки күндүк сапарда болот. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси Медер Өмүрбеков билдирди.
27-29-майга пландалган сапар учурунда ал Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугуп, Бишкектин Свято-Воскресенский кафедралдык соборуна барып литургия аткарат, 12-кичи райондогу Владимир соборунун алдында ачыла турган православдык гимназиянын пайдубалына капсула коет.
Кыргыз-Славян университетинде анын “Эркиндик жана жоопкерчилик” деп аталган китебинин кыргызча котормосунун бет ачары болот.
Патриарх Кирилл бул кызматка 2009-жылы киришкен, ошондон бери 26 мамлекетти кыдырды. Коңшу Казакстанда эки жолу болгон.
Орус православ чиркөөсүнүн мурдагы башчысы Алексий II Кыргызстанда 2004-жылы болгон. (RK)