Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Мадумаров: Келдибеков тууралуу кабарым жок


Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев
Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Акматбек Келдибековдун президенттикке аттанганы тууралуу кабары жок. Бул тууралуу ал бүгүн "Азаттыкка" билдирди:

- Кабарым жок. 5-6 күндөн бери айылдарда эл менен жолугушууларды өткөрүп жатам. Баткен, Жалал-Абад облустарында жүрүп жатам.

"Сиз өзүңүз президенттик шайлоого катышасызбы?" деген суроого Мадумаров "Аны Бишкекке барганда айтам" деп жооп берди.

Келдибековду Алайда өткөн элдик жыйында президенттикке аттандырышканын бүгүн "Азаттыкка" анын кеңешчиси Шайырбек Маматокторов кабарлаган.

Быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоого саясатчылар Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев чогуу даярдык көрүп жатышканын быйыл жыл башында расмий жарыялашкан болчу.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фонддун мурдагы башчысы Акматбек Келдибеков коррупция үчүн соттолгон, мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. Алайдагы кечээ күнкү жыйын тууралуу ал өзү азырынча расмий билдирүү тарата элек.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча расмий түрдө президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн жаранды партиянын съезди көрсөтүшү керек же өзүн өзү көрсөтүп жатса 300 миң кол топтошу зарыл. Мындан тышкары, күрөө талабы бар. (RK)

XS
SM
MD
LG