Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Лондондо Кыргызстандын инвестициялык форуму өттү


Лондондо Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, бейшемби күнү Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын кеңсесинде өткөн форумга Улуу Британиянын 80ге жакын инвестициялык, консалтинг, каржы компанияларынын жана банктарынын өкүлдөрү катышты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөн Зилалиев гидроэнергетика жана тоо кен тармагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.

Иш-чараны Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги Европа банкы жана британиялык «Чаарат Голд Холдинг Лимитед» компаниясы менен бирге уюштурду. (RK)

XS
SM
MD
LG