Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Чокморовдун музей-өнөрканасы ачылды


Музейдин ичи
Музейдин ичи

Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы ачылды. Токтогул жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган музейде Чокморов тарткан сүрөттөр, анын жеке архивинен алынган документтери, буюмдары, сыйлыктары жана фотосүрөттөрү коюлган.

Белгилүү советтик кыргыз актеру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы 53 жаш курагында дүйнө салган.

Популярдуу киноартист катары ал советтик киноискусствону көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан.

Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат. (RK)

XS
SM
MD
LG