Египет бийлигинин кабарлашынча өлкөнүн Минья провинциясында копт христиандары бараткан автобуска чабуул коюлуп, 26 адам өлдү. Дагы 25и жарадар.
Провинция губернатору Эссам аль-Бедаивинин Рейтер агенттигине билдиришинче, 26-майда автобус башкалаа Каирдин түштүк ыптасындагы монастырга баратканда кол салышкан.
Акыркы ирет декабрдагы жана апрелдеги "Ислам мамлекети" террор тобунун жанкечтилеринин чабуулунда ондогон копт христиандары мерт болгон.
Египеттин 92 миллион калкынын он пайызы копт христиандары, калганы мусулмандар.