Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Мунай өндүрүшүн ооздуктоо колдоо тапты


Дүйнөдөгү ири мунай өлкөлөр кара майдын баасын жогорулатуу үчүн өндүрүштү ооздуктоону дагы тогуз айга узартууну колдошту. ОПЕК жана ага кирбеген Орусия баштаган мунайчы өлкөлөр бул чечимди 25-майда Венада кабыл алышты.

Ага ылайык, өндүрүш жалпысынан мурдагыдай эле суткасына 1,8 млн баррелге кыскарат.

- Бардыгы келишимди тогуз айга узартуу оптималдуу жана бизди жыл аягына чейин акыркы беш жылдагы орточо көрсөткүчкө алып келерин көрсөтүүдө. Биз алты айлык чектөөнү да, тогуз айдан узагыраак убакытты да мерчемдеп көрдүк, - деди Сауд Арабиясынын энергетика министри Халед ал-Фалих.

Буга карабастан мунайдын баасы акыркы сааттарда кескин көтөрүлгөн жок. Учурда брент мунайы 51 доллардын тегерегинде сатылууда. Кара май боюнча талдоочулар айрым трейдерлер кыскартуу мындан да көбүрөөк жана узагыраак болоруна үмүт артышканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG