Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, 27-майга караган түнү саат 01.09 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титиреди. Анын күчү очогунда беш баллды түздү.
Силкинүүнүн очогу Тажикстандын аймагында, Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарынан 20 чакырымдан ашык алыстыкта орун алды.
Кара-Тейит, Карамык айылдарында төрт балл, Шибээде 3,5 балл, Кулчу, Чак, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында үч балл сезилди. Киши өмүрүнө зыян келген жок.
Саат 07:53тө жер титирөө кайталанып, анын очогу да Тажикстанда, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышта жайгашканы, күчү 3,5 балл болгону кабарланды. (NT)