Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Кыргызстанда 5,5 баллдык жер титирөө болду

Чоң-Алайдагы жер титирөө. 3-май, 2017-жыл.
Чоң-Алайдагы жер титирөө. 3-май, 2017-жыл.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту­ билдиргендей, жер титирөө бүгүн саат 15:07де Кыргызстандын аймагында катталды. Анын очогу Талас жана Жалал-Абад облустары чектешкен тоо кыркаларында орун алып, күчү 5,5 баллды түздү.

Силкинүү Жалал-Абад облусунун Аркыт айылында 5 балл, Токтогул шаарында 3-3,5 балл, Талас шаарында 3 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жок.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 3-майда очогунда 7 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, авариялык абалга кептелген. Силкинүү кайра-кайра кайталанып, эл чатырларга көчүрүлгөн. Жер титирөөдөн Баткен облусунун Кадамжай районунда да ондогон турак жайларга жарака кеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG