Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Жалал-Абадда чек ара боюнча кыргыз-өзбек жолугушуулары аяктады


Кыргызстан жана Өзбекстан делегацияларынын Жалал-Абад шаарындагы жолугушуусу.
Кыргызстан жана Өзбекстан делегацияларынын Жалал-Абад шаарындагы жолугушуусу.

Жалал-Абадда 21-26-май күндөрү кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Өзбекстандык делегациянын курамы 23 адамдан туруп, ага чек ара боюнча адистер, Кыргызстан менен чектеш үч облустун губернаторлорунун орун басарлары кирди.

Жумушчу топ талаштуу тилкелерди жеринде көрүп, тактоо иштерин жүргүзүштү. Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустары менен чектеш аймактарда изилдөө иштери жүрүп, топографиялык сүрөттөр тартылды.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 324 чакырымы такталып бүтө элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG